Ардагерлердин самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатында биздикилер төрт медал утту

Кыргызстандыктар ардагерлердин Мароккодо өткөн самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатында бир алтын жана үч коло медал утуп алышты.

Мелдештин расмий протоколунда маалымдалгандай 45-49 жаш курак категориясында Эркин Үмөталиев биринчи орунду ээлеп, дүйнө чемпиону болду. Коло медалды 64 жаштагы Абакир Рысов алды. Ошондой эле Кубанычбек Раманкулов жана Алихан Божоевдер да коло медалга татыган.

Жалпысынан бул мелдешке кыргызстандан 7 ардагер барган. Чемпионатта жетинчи орунду Турусбек Асаналиев алды. Ал эми Иличбек Чокоев менен Самудин Белеков мелдештин алгачкы оюндарында эле утулуп, четтетилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД