Мэрия таза эмес үгүт иштерин жүргүзгөн партияларды жазалоого сөз берди

Бишкек мэриясы үгүт иштерине дыкат көз салат. Эгер кайсыл бир партиянын үгүт материалдары эрежелерди буза турган болсо, ага карата чара көрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэри Иса Өмүркулов брифингде билдирди.

Калаа башчысы мэриянын пикирин так белгиледи. Саясый партиялар тарабынан кандайдыр бир эреже бузуу болсо шаар бийлиги бардык чараны көрүп, керек болсо шайлоо комиссиясына чейин жиберүү чараларын да көрөт.

"Биринчиден мен саясый партияларды таза күрөшүүгө чакырам. Сатып алуусу жок жана тымызын иштерден алыс болууга чакырам. Административдик ресурсту колдонуу аракети болбош керек. Ошондой эле үгүт материалдарын дубалдарга, аялдамаларга жана көпүрөгө чаптоого тыюу салынарын белгилегим келет. Акыркы шайлоолор шаарга чоң чыгым алып келди. Бак-дарактар сынып, карагайларга чапталган плакаттарды тазалоо үчүн ишембилик кылууга туура келди. Мында да ошондой аракеттер кайталанса, биз катуу чараларды көрөбүз. Эгер керек болсо шайлоо комиссиясына чейин кайрылабыз", - дейт мэр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД