Спорт ордосунда Курман айт майрамдык программасы болот

Мусулмандардын эки майрамынын бири болгон Курман айт майрамы быйыл 26-октябрь күнү белгиленет. Айт намазын окулуп, жарандар бири-биринин үйүнө айтташып, даам сызышып, маркумдарга куран окушат.

Ушундай жакшы майрам күнүнө карата 24-октябрь, шаршемби күнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана "Нахла Аль-хайрия" коомдук фонду Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда майрамдык иш-чара өткөрөт. Майрамдык иш-чара 15-00дө башталып, кирүү акысыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД