Тоодон ылдый Ормон хан көчөсү, куйругу Манас проспектиси болуп калса, уят болот

2012-жыл Кыргызстан үчүн оор жыл болууда. Тамак-аш, отун-суунун аябагандай тездик менен кымбаттап жатышы эл ичинде нааразычылыктарды жаратууда. 20 млрд.дын тегерегиндеги бюджеттин тартыштыгы өкмөттүн айласын курутуп, секвестирование кылганга мажбур. "Корголгон багыттарын кыскарткан жокпуз" деп, бюджетти туш келди бырчалаган өкмөт, өнүгүүгө багытталган бөлүктөрдү түгөл кыркып, кыскартууну сунуштоодо.

Демек, башында белгиленгендей өсүштөрдү бул жылдын көрсөткүчтөрүнөн күтүүгө болбойт. Тетирисинче, экономикабыз эңшерилээри сезилип жатат. "Мурунку өкмөт кийинки жылдын төлөмдөрүн да жарым-жартылай, алдын ала алып, аны да эбак мойсоп салганбыз" дегендердин айтымында, 2013-жылда да акча жок. "Дефолт", "банкрот" деген терминдер эмитеден эле кулака жаңырат. Айласы куруган кыргыз бийлиги ахывалдын оорлоп баратканын сезип, чыйпылыктап, жыртык тешикти сырттан карыздоо аркылуу жапканга далбастоодо.

Экономикалык туруксуздук, баалардын асмандашы, кыш-күрөөнүн кирип келе жатышына байланыштуу коомдо нааразычылык маанай күч ала баштаган маалга жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолор туш келип, калктын калың катмары саясатка тартылып, эл козголуп, "Кыргызстан" деген кайык чайпалып туру.

"Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" демекчи, "атажурчулардын" анабашчысы Камчыбек Ташиевдин дүрбөлөң салышы, аны менен кошо Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Кубат Кожоналиев, Салмоор Дыйканбаевдердин камакка алынышы, алардын колдоочуларынын нааразычылык акциялары абалды күндөн-күнгө оорлотуп, саясый туруктуулукту бузчудай болуп бара жаткандай.

Ансыз деле жергиликтүү шайлоолор элди козгоп, кымбатчылык жанга батып, араң турганыбызда, "атажуртчулардын" ызы-чуусунун кошул-ташыл болуусу, баягы бабалардын кебиндеги, "эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени" дегенди элестететип турат.

Өлкөдөгү абалдын туруксуздана башташы, элдин нааразычылыгынын өсүп баратышы, оппозициялык маанайдагы ар-түркүн саясый күчтөрдүн активдешишин туудуруда. Бирок, бийликке "тиш салууга" кызыкдар күчтөр көп болгону менен, азырынча системалуу иш алып барып, масштабдуу аракеттерди көрүүгө даяр эмес экенин байкоого болот.

Ушу тапта көптөгөн саясый күчтөр ар кими өз алдынча бийликке каршы экенин жарыялап, айрымдары ар түрдүү акцияларын уюштуруп, айтор колдон келишинче аракеттерди көрүшүүдө. Алар чачкын. Биримдиги жок. Алтургай, бири бирин көргүлөрү жок. Бирок, убакыт өткөн сайын, "биригүү керектиги, биригип таасирдүү күчкө айланмайын максаттарды аткаруу мүмкүн эместиги" кеңири талкууланып, муюп бараткандардын катары өсүүдө.

Кырдаал Курманбек Бакиевдин президенттигинин алгачкы жылдарын элестетет. А кезде да оппозициялык күчтөр чачкын болуп, бири-бирин көрө албай, бирикпей турган. Быт-чыты чыккан оппозицияны Аликбек Жекшенкулов "Коомдук парламентке" жыйнап реабитациялап жатса, Азимбек Бекназаров менен Топчубек Тургуналиевдер бир жагынан Курманбек Бакиевден түңүлүп бүтө алышпай, экинчи жагынан Мукар Чолпонбаев менен Эркин Булекбаевдердин "ревкомуна" шынаарлашып, эки тарабы тең, "Бакиевдерге сатылып барып, орден алып, көчүккө жеп чыкты" деп, Алмазбек Атамбаевди араларына кошмок тургай, көргүлөрү жок эмес беле.

Анан биригүү керектиги маселеси баарына жетип, жыл айланбай "Коомдук Парламенттин" базасында "Бириккен Элдик Кыймыл" (БЭК) түзүлүп, эң таасирдүү оппозициялык күчкө айланганы белгилүү. БЭКтин куралышына ал кездеги чачкын оппозициячыл күчтөрдүн биригүүнү калоолоруна караганда, ошол кездеги бакиевдердин да салымы чоң болуп, алардын үй-бүлөөлүк-криминалдык режиминин чектен чыккан, элге каршы саясаты катуу түрткү болгону чындык.

А, бүгүнчү? Бүгүнкү күндө өлкөдө таасирдүү оппозициялык күчтөрдүн бирикмесин түзүүнү каалаган күчтөр жетиштүү. Биригүүгө негиз болуучу жагдайлар, "Кумтөр" чатагы, парламенттик оппозиция лидерлеринин камакка алынышы, экономикалык абал, баалардын асмандап жатышы, адилетсиздин жоктугу, ж.б.у.с. көйгөйлөр болууда.

Бирок, кандай деген күндө да, оппозициялык күчтөрдүн биригүүсүнө бир нерсе жетишпей жатат. Ага баягы эле Алмазбек Атамбаев "кедерги" болуп жатат. Ал бакиевдерчесинен беш манжасын матырып, казынаны уурдап, элди тоноп, жерди сатып, үй-бүлөөлүк кландык система курбай, айтор бир чектен чыккан элге каршы кадам жасабай жатпайбы, иттики.

Президент тетирисинче коррупция менен күрөшүп, ууру-кескилерди камайм деп алпурушууда. Коррупциянын тамырын кыркуу багытында системалуу иштер жасалбай, иргеп камоо ыкмасы менен популистик иш жүрүп жатканына деле карабай, карапайым калк Атамбаевдин бул багыттагы иштерин колдоп жатат десек болот.

Бирок, "президенттин бул багытагы иштеринен майнап чыкпай, же иш токтоп, эл түңүлүп, оппозициянын чырагына качан май тамат" деп отурбастан, оппозициялык күчтөрдү бириктирүү аракеттери улантылууда.

Бул багытагы иштерге көз сала турган болсок, айтылуу Үсөн Сыдыковдун саясый күчтөрдү Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тегерегине чогултууга жасаган аракеттерин көрүүгө болот. Бирок Үсөн акенин далалаты регионалдык деңгээлден өйдө көтөрүлө албай, "ураа түштүк, кана биздин доля" деген, эски ырдын кейпинде калчудай.

Анүстүнө, аркалыктар арасында,"Прьемер-министр, спикер Оштон, президент Кокондон болуп калды" деген нааразычылыктар күч болуп, "кадрдык саясатты калыс жүргүзбөдү" деп Атамбаевге ичи чыкпай турган жагдайда, Адахан мырзаны жалпы оппозициялык лидер катары тааный койот деш кыйын.

"Жалаң түштүктүктөр бийлик башына келип отуруп алды" деген ич күптүлөрүн ачык айтышпай ич ара күңкүлдөшкөн аркалыктар өткөн жумада "Тагай бий" ресторанына Жантайдын ашы деп, бир чогулуп күпүлдөп алышты.

Ал жерде бүгүнкү бийлик, кадр саясаты тууралу сөздөн баштап, тэ-ээ Адигине менен Тагайга чейин кеп козголуп, кыргыз мамлекетин куруу идеясы үчүн кан-жанын аябай курман болгон бабалардын бүгүнкү урпактарынын арасындагы тыңчыкмалар саналып, маселени Ормон хандын 220 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында улантуу, ал жыйынга бүгүнкү күндө "Оштун беги" делинип атагы таш жарып аткан Адигиненин тукуму Мелис Мырзакматовду да сөзсүз чакыруу керектиги айтылганы маалым болду.

Ормон хандын мааракесине утурлай "Тынчтык" проспектисине анын атын берүү демилгеси айтылып, талкууга катышкан көпчүлүк, "ой, тоодон ылдый Ормон хан деп келип, куйрук жагы Манас проспектиси болсо кандай болот, уят эмеспи, ал көчөнү башына чейин эле Манас атага бериш керек, Айкөлгө жарты көчө бергендин өзү уят, Ормон ханга жаңы түшкөн түштүк магистралын сурайлы" дешүүдө.

Ошентип, кадрдык саясаттагы теңсиздиктен улам ар кандай жыйындар, нааразычылыктар айтылып, коомчулукта ар түркүн пикирлер жаралып, аргасыз ата-бабалардын арбагына чейин аралашып, кез-кез "анда өзүбүзчө республика түзөбүз" деген сыяктуу сепаратистик маанайдагы сөз да чыга калып жатканы байкалат.

Не дейбиз? Деги бийлик кичине баш токтотуп, тияк-биягын баамдап, элдин маанайы менен эсептешпей, өзүм билемдиги менен адыраңдай берип, поезди рельсадан чыгарып жибербесе болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД