Шаардык архивдин жаңы имараты үчүн 50 миллион сом бөлүү сунушталды

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Нурлан Абдыкеев шаардык архивдин жаңы имаратын куруу үчүн шаар бюджетинен 50 млн сом бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-октябрда, журналисттерге билдирди.

Депутат "Кызыл-Аскер" конушунда орун алган архив имаратынын абалы өтө начар экенин айтат. "Бул имарат 1977-жылдан бери оңдоло элек. Кызматкерлер азыр эле суук болгондуктан курткалары менен отурат. Документтерди мүшөктөргө салып алып, автобус менен ташып жүрүшөт", - дейт ал.

Депутаттын айтымында, мындай абалдын келип чыгышына мамлекеттик кызмат жана органдар архивдик материалдарды сактоо үчүн төлөм төлөбөгөндүгүнөн келип чыккан. "Өткөн жылы тери заводу гана архивди сактоо үчүн 16 миң сом төлөгөн", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД