Азамат Бакасов: Мен бир колонияда Камчы Көлбаев менен отурдум

Кыргызстандын дзюдо федерациянын мурдагы президенти Азамат Бакасов кылмыштуу топтун мүчөсү эместигин Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ал чындыгында кримавторитет Камчы Көлбаев менен тааныш, бирок анын тобуна кирбейт. "Мен болгону Көлбаев менен бир колонияда болгом, уюшкан кылмыштуу топ (УКТ) эмне экенин бейлбейм", - дейт Бакасов.

Андан сырткары ал федерация президентинен кеткендигине түшүндүрмө берди. "Мени барынан көп спорт коомчулугунун аракетсиздиги тынчсыздандырат. Эгер кимдир бирөө ушундай сазда жашагысы келсе, андан ары жашай беришсин", - деп кошумчалады ал.

Федерациянын мурдагы президенти спортчуларга жардам бере турганын айтып, аларды колдоо үчүн фонд ачууну көздөйт. "Мен президент болгонго чейин эле жардам берип келгем жана жардам бере берем", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД