Кеминдиктер менен кытайлардын мушташынан кийин милицияга 8 киши түштү

Талды-Булак алтын кенинде кытай жарандары менен Кемин районунун жергиликтүү тургундары мушташып, милицияга 8 киши түштү. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда "Алтынкен" алтын иштетүүчү компаниянын кызматкерлери ортосунда мушташ болгон. Экиге бөлүнгөн топтун биринчисинде – жергиликтүү тургундар, экинчисинде – кытай жарандары болгон.

"Чыр турмуштук негизде чыккан. Жыйынтыгында жабыркаган жергиликтүү тургундар досторун чакырышкан. Кесепетинен компаниянын эки кызматкери аймактык ооруканага түрдүү жараттарды алып жеткирилген", - деп билдирет ИИББ.

Окуя болгон жерге иликтөө тобунун кызматкерлери келип, сурак берүү үчүн 8 адамды алып кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД