Эртең спорт ордосунда "Бишкек-2012" аттуу көргөзмө-жарманке болот

Эртең, 24-октябрда, Кожомкул атындагы спорт ордосунда майрамдык 20-эларалык көргөзмө-жарманке болот. Бул тууралуу Кыргызстандан соода-өнөр жай палатасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Кыргызстандын, Түркиянын, Орусиянын, Казакстандан жана башка мамлекеттин 60дан ашык компаниялары өз товарларын коет.

Көргөзмөгө телекоммуникация жана маалымат технология, тамак-аш, жеңил жана эмерек өнөр жайында жетишилген акыркы үлгүдөгү түрдүү товарлар коюлат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД