Эксперт: Президент шайлоодо административдик ресурсту колдонууга кызыктар эмес

КР президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодо администтративдик ресурсту колдонууга кызыктар эмес. Мындай пикирин "Прогресс" фондунун төрагасы Адил Турдукулов "ВБ"га билдирди.

"Атамбаевге админресурсту колдонууга кажет жок, эгер КСДП кеңештерден аз мандат алып калса да, ага шек келтирбейт. Азыр ал партиялык системанын алдында жана өзүн КСДП партиясынданмын деп өздүктөштүрбөйт", - дейт ал.

Ал ошондой эле мэр өкмөт жана президент айткан нукта кетпейт, болгону шаардын чарбалык иштерин гана чечет.

Андан сырткары фонд төрагасы президентке КСДП аз мандат алса жакшы деген оюн айтат. Анткени мындай болгон учурда президент шайлоолор таза жана ачык болгондугун көргөзө алат.

Бирок, айылдык кеңештерде административдик ресурстар колдонулушу мүмкүндүгүн белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД