Коомдук байкоочу кеңеш: Аймактардагы кишилер салык декларациясын бергиси келбейт

Аймактардагы кишилер салык декларациясын берүүнү каалашпайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Уран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, ал жакында аймактардан келген жана ал жакта жашагандар бирдиктүү салык декларациясын киргизүүгө каршы.

"Эл буга ыраазы эмес, алар эч кандай декларация бергиси келбейт. Аймактарда жашагандардын жини келүүдө. Андыктан кийинки жылы кандайдыр бир чектөө киргизүү керек. Мисалы, 3 миң гана декларация алабыз дешибиз керек", - дейт Ниязалиев.

Ал ошондой эле эгер аймактардагы элдин түшүнбөстүгүн жойбосо, ал дагы да өсүп ар кандай коомдук толкундоолорго алып келиши мүмкүн. Ниязалиев биринчиден элди ушундай декларацияны берүүгө үйрөтүү керектигин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД