26-октябрь дем алыш күн деп жарыяланды

26-октябрь Курман айт майрамы болгондуктан дем алыш күн деп жарыяланды. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин маалымат-катчысы Аида Кадырова "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында өкмөттүн эмгек кодексинин №113 беренесине ылайык токтому 22-октябрда чыккан.

Кадырова 25-октябрь кыска жумуш күнү экенин айтып, бул күнү жумушту бир саат эрте бүтсө боло турганын белгиледи.

"Биздин министрлик үчүн бул күн маанилүү жана бул күндү мусулмандардын салтына жараша майрамдайбыз", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД