Милиция $800 миң уурдап кеткен банк кызматкерин кармады

Ири суммадагы каражатты уурдап кеткен банк кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2012-жылдын сентябрь айынын аягында "Аман Банк" филиалынын өкүлү милицияга кайрылган. Ал Чүй облусунун райондорунун бириндеги банк филиалынын сактык касса башчысы ири суммадагы каражатты алып, белгисиз жакка жашырынып кеткендигин айткан.

Маалым болгондой банк кызматкери 15 млн сом, 9 млн рубль жана 280 миңден ашуун долларды уурдап кеткен.

Чүй облусутук ИИББдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери уурунун жашаган жерин аныктоо жана аны кармоо боюнча чара көргөн. Ыкчам-иликтөө иштери Чүй облусунун аймагында, жакын жайгашкан облустарда да жүргүзүлгөн.

Бир нече күндөн кийин банк кызматкери борбор калаадан кармалган. Айыпталуучу борбор калаадан ижарага батир алып, эч ким менен сүйлөшкөн эмес.

Банк кызматкерине карата "Ишенип берилген мүлктү менчиктештирип алуу жана аны коромжу сарптоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда уурдалган каражаттын катылган жерин аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Иликтөө ишин ИИМдин уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгы жүргүзөт.

Шектенип аткан жаран 1984-жылы туулган жана Чүй облусунун тургуну.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД