Кубатбек Кожоналиев үй камагына чыгарылды

Бүгүн Бишкек шаардык соту камакка алынган Кубатбек Кожоналиевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

Сот отурумунда прокурор Жылдызбек Исмаилов бардык материал менен таанышканын айтып, Кожоналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүгө каршылыгы жок экенин билдирди. Буга чейин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч арыз менен Кожоналиевдин адвокаты да кайрылган.

Сот Кожоналиевди үй камагына чыгарганын анын ден соолугуна байланыштырды.

Кожоналиевдин тааныштарынын айтымында аны "Ата-Журт" фракциясынын лидери уюштурган митингге катышкандыгы үчүн 5-октябрда 48 саатка камакка алган. Жана ал митингде бийликти күч колдонуп басып алууга чакырык жасабагандыгын белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД