Талды-Булактагы иш белгисиз мөөнөткө токтотулду

Кыргызстандагы ири алтын кени чыга турган Талды-Булак кенин ишке берүү жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулардын мушташынан кийин белгисиз мөөнөткө токтотулду. Бул тууралуу өкмөттөгү жеке булактан "ВБ"га белгилүү болду.

Бүгүн аталган кенде иштерди токтотуу боюнча өкмөттүн токтому чыга турганы айтылууда. Кечээ өкмөттө алтын кенинде болгон мушташ боюнча жыйын болду. Жыйындын соңунда "Алтынкен" компаниясы менен жергиликтүү тургундар ортосундагы түшүнбөстүктү жоюу үчүн өкмөт аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынган.

Кытай инвесторлору тарабынан кенде жүргүзүлүп аткан курулуш иштери жана алтын чайкай турган фабриканын курулушу комиссиянын иши маалында токтотулат.

Кенди иштетүү 2014-жылга пландалган болчу.

22-октябрда алтын кенинен Кытайдан келген бардык жумушчулар чыгарылып кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД