Жоомарт Оторбаев 286 млн. тонна уулуу калдыктар жөнүндө айтты

Кыргызстанда 286 млн тонна уран жана башка уулуу калдыктар сакталган 90 коркунучтуу жер бар. Бул тууралуу "Орто Азиядагы уран калдыктарын сактоочу жай: коркунучту азайтууга биргеликте аракет жасоо" аттуу эларалык конференцияда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын уулуу калдыктар сакталган жайлардын абалы начарлап барат. "Аба ырайынын шарттарынан улам дайыма сел болгондуктан жана эң башкысы адамдардын аракеттеринен улам коргоочу тосмолор бузулуп жана талкаланууда", - дейт ал.

Оторбаевдын айтымында бул көйгөйдү чечпей коюуга мүмкүн эмес, себеби, Орто Азиядагы көпчүлүк дарыялар Кыргызстандан башталат. Уулуу заттар сакталган жайлардагы кокусунан болгон авариялар биринчи кезекте Фергана өрөөнү үчүн олуттуу коркунуч туудурат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД