Милиция өз балдарын кайыр суроого мажбурлаган энени кармады

27 жаштагы эне өз балдарын кайыр суроого мажбурлаган. Бул тууралуу шаардык ИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Кечээ, 23-октябрда "Селсаяк" рейди учурунда Ленин райондук өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан Киев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишенен Сокулук районунун жашоочусу 27 жаштагы Виктория кармалган. Сегиз жана эки жаштагы кыздардын энеси билип туруп аларды кайыр суроого алып келген. Аялга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ленин районунун өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору чогулган бардык материалды өспүрүмдөр иши менен алектенген комиссияга жиберет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД