"Ата-Бейит" муниципалдык менчиктен мамлекеттин менчигине өттү

3 087 гектар жерди ээлеген "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси мамлекеттин менчигине өттү. Мындай чечим Бишкек шаардык кеңеш депутаттарынын акыркы жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин "Ата-Бейит" муниципалдык менчикте болуп келген. Комплекстин орточо наркы 4 млн 182 миң 938 сомду түзөт. Ал жакта 16 киши иштейт. Кеткен чыгымдын сметасы 1 млн 347 миң 600 сомду түзүп, анын 814 800 сому кызматкерлердин айлык акысы үчүн жумшалат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД