Адвокат: Ташиев ден соолугун калыбына келтириш үчүн тамакты аз-аздан ичип атат

МУККнын тергөө абагына камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев ден соолугун калыбына келтириш үчүн тамакты аз-аздан ичип атат. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Ташиев МУКК медкызматкерлеринин көзөмөлүндө. "Ташиев өзүн канааттандырлык сезүүдө, абалы жакшы", - дейт Айткулов.

Эске салсак, 3-октябрда "Ата-Журт" депутаттарынын тарапкерлери митингге чыккан. Митингдин демилгечиси Садыр Жапаров болгон. Алар чечкиндүү аракеттерге бара тургандыктарын айтышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД