Манас Кадыров: "Алтынкендеги" кытай ишкерлери бир катар мыйзамдарды бузган

"Алтынкендеги" кытай ишкерлери бир катар мыйзамдарды бузган. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Коом коррупцияга каршы" коомдук бирикменин мүчөсү Манас Кадыров билдирди.

Анын айтымында, "Алтынкен" компаниясынан буга чейин жумуштан кеткен кызматкерлер аларды кызматка алууда эч кандай расмий документтер болбогонун айтышкан. Бул мыйзам бузуу болуп саналат.

"Жергиликтүү тургундар компанияны жабууга эч кандай себеп издеген жок жана андай талаптарды койгон жок. Тургундар компаниянын иштешин колдойт, бирок компаниянын негизге жумушчулары Кыргызстандын жарандары болушу керек. Жумушчулардын айтымында ал жактагы кытайлар өздөрүн өлкөнүн ээсиндей сезишет. Компанияда кытайдан мыйзамсыз келген бир топ мигранттар иштейт", - дейт Кадыров.

Ал ошондой эле жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган бардык нерсе текшерилиши керектигин жана мыйзамсыз мигранттар тууралуу факты тактала турган болсо, тийиштүү органдар тез аранын ичинде чара көрүшү керектигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД