Лисниченко: Мектептеги тамак үчүн сентябрь айында бир да тыйын төлөнгөн эмес

"Мектеп ашканасын ижарага алгандар сентябрь айында бир да тыйын төлөгөн эмес", - деп Бишкек шаардык кеңештин жыйынында төрага орун басар Валентина Лисниченко билдирди.

Ал ошондой эле мугалимдердин айлыгы жакында гана берилгенин кошумчалады. Анын айтымында, мектеп ашканаларын ижара алгандар муниципалитет тарабынан төлөмдөр кечиктирилгендиктен иштөөдөн баш тартышууда.

Бишкек мэриясынын финансы башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Зарлыковдун айтымында, кумар жайларынын жабылышы менен бюджетке 464 млн сом түшпөй калган.

"Свердлов районунун айлык-акысы бүгүн гана которулду. Калган райондордуку төлөнгөн. Сентябрь айына тамактанууга 15 млн сом каралган болсо, биз болгону анын 4 млн сомун гана каржыладык. Биз октябрда пландалган каражаттын жок дегенде жарымын каржылаганга аракет кылабыз" , - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД