Шаардык кеңеш Бишкектин 2012-2014-жылдарга карата өнүгүү программасын кабыл алды

Бишкек шаардык кеңеш Бишкектин 2012-2014-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын кабыл алды. Бүгүн шаардык кеңештин акыркы жыйынында көпчүлүк депутаттар бул программаны колдошту.

Программаны ишке ашыруу менен орточо бир айлык маяна 1,2 эсеге, инвестициянын көлөмү эки эсеге жана 24,5 миң жаңы жумушчу ордун түзүүгө болот.

Депутаттар буга чейинки "Шаарды жаңылоо" программасы каржы маселесинен жана өлкөдөгү олку-солку абалдан улам ишке ашпай калганын белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД