Иса Өмүркулов: Мэрия шайлоодо админресурсту колдонууга жол бербейт

Мэрия 25-ноябрда шаардык кеңешке боло турган шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жол бербейт. Бул тууралуу шаар башчысы Иса Өмүркулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында мэриянын өкүлдөрү көзөмөл салып жана админресурсту колдонууга аракет кылгандарга жол бербейт.

"Административдик ресурсту колдонуу эскирип калганын акыркы шайлоолордогу тажрыйба көргөздү. Биз муну дыкат текшерүүгө алабыз. Биринчиден, азыр эч кимге мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин шайлоо участкаларына алып келүү боюнча тапшырма берилген жок. Экинчиден, партиялык тизме муниципалдык кызматкерлердин бардыгын камтыйт", - дейт Өмүркулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД