Үгүт материалдарын жайгаштырууда эреже бузган партиялар акчалай жазаланат

Үгүт материалдарын туура эмес жерге жайгаштырган партияларга 500 сом айып пул салынат. Бул тууралуу Бишкек мэри Иса Өмүркулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, үгүт материалдарын жайгаштыруу муниципалитет өкүлдөрү тарабынан дыкат көзөмөлгө алынат.

"Үгүт материалдарын көпүрөлөргө, аялдамаларга жайгаштырып, эреже бузган партияларга айып пул салынат. Бардыгынын өз рекламаларын ЖМК, билборддорго жайгаштырууга кенен мүмкүнчүлүгү бар", - дейт Өмүркулов.

Ал ушундай эрежелерди бузгандарга 500 сом айып пул салынарын айтып, шаардык кеңешке ат салышып аткан партияларга мындай суммадагы каражат көп таасир бербешин айтат.

"Мисалы, Баткен же Нарын үчүн 500 сом жакшы эле сумма, бирок Бишкек үчүн бул анча чоң эмес каражат. Эгер шаардык кеңеш айып пулдун көлөмүн өз алдынча өзгөртө алганда жакшы болмок. Бул ылдам чечим кабыл алганга жардам бермек", - дейт шаар мэри.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД