Алмазбек Раимкулов профессионалдык рингге кайтып келет

Кыргызстандык боксер Алмазбек Раимкулов профессионалдык рингге кайтып келет. Бул тууралуу боксчу өзү "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, азыр алгачкы беттешүү качан жана ким менен болорун айта албайт. "Азырынча сүйлөшүүлөр жакшы жүрүүдө. Качан гана каршылашым аныкталганда, ал тууралуу да айтабыз", - дейт ал.

Эске салсак, профессионал боксчу өзүнүн мелдештерин менеджери менен болгон келишпестиктен улам токтоткон. Бокстон алыстап кеткендигин ал аны АКШ желеги менен чыгууга мажбурлоо болгондугу менен түшүндүрдү.

Ошондой эле "ВБ"нын "мелдештерде Кыргызстандын же башка мамлекеттин желеги менен чыгасызбы?" деген суроосуна, "Турмуш көргөзөт", - деп жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД