Бишкек шаардык кеңешке талапкерлердин үгүт иштери 26-октябрда башталат

"Бишкек шаардык кеңешке талапкердердин расмий үгүт иштери 26-октябрда башталат". Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, үгүт иштери бир ай жүргүзүлөт. "Ал эми жергиликтүү кеңешке болгон үгүт иштери 5-ноябрда башталып, 20 күнгө созулат. Биз үгүт иштери таза жүрүшү үчүн бардык чараларды көрөбүз жана өз талапкерлерин көргөзүп аткан партиялар эрежени бузбашына көз салабыз", - дейт Абдраимов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД