Төрагасы Асылбек Жээнбеков Талас облусуна жумушчу иш сапар менен барат

Бүгүн, 24-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Талас облусуна жумушчу иш сапары менен барат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Иш сапарга Жогорку Кеңештин депутаттары Курмантай Абдиев ("Ата-Журт"), Элмира Жумалиева ("Республика"), Дастан Жумабеков ("Ата-Журт"), Роза Акназарова ("Республика"), Данияр Тербишалиев (СДПК), Кенжебек Бокоев ("Республика"), КР өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева, КР транспорт жана коммуникация министринин орун басары Максат Дыйканов, КР Айыл чарба министри Чыңгысбек Узакбаев, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Зуура Каденова катышат.

Маалыматка ылайык иш сапар Талас районунун Ак-Сай айылындагы "Манас" атындагы лицейдин иши менен таанышуудан башталып, окутуучулар жана окуучулар менен жолугушуу өтөт.

Жээнбеков өз иш сапарынын алкагында жергиликтүү дыйкандар өстүргөн төөбуурчак данын экспортко чыгарган "Жакан" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасынын, "Озон-Ата" сүттү кайра иштетүү ишканасынын чарбачылыгы менен жакындан таанышат.

Эске салсак, "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзамдын 151-беренесине ылайык, депутаттар үстүбүздөгү жылдын 22-26-октябрь күндөрү аймактардагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД