Президент кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Куттуктоодо Курман айт таза ниет, ак тилектер менен коштолуп келгени, Курман айт бизди ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана сабырдуулукка үндөй тургандыгы айтылат.

"Ушул күнү бардык мусулмандар ата-бабаларды эскерип, келечекке ниет кылып, Жаратканга үмүт-тилектери менен кайрылышат.Ушул ыйык күндөрдө ылайым Алла-таалам мекендештерибиздин ак тилектерин кабыл кылсын! Кыргызстаныбыздын жолун ачсын! Ушул күнү ыйман нуру ар бирибиздин жүрөгүбүздө терең уяласын!", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД