Садыркуловдун иши боюнча соттук тергөө аяктады

Сот Марлен Тентимишов үч адамды өлтүрүү боюнча: КР президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, стратегиялык иликтөө эл аралык институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов боюнча соттук тергөө аяктаганын билдирди.

Анын айтымында, аталган иш боюнча бардык күбөлөр жана жабыр тарткандар сурак берди жана башка күбөлөр жок. Андыктан тараптардын айтышууларына өтүү керек.

Айтышууга өтүүнү талкуулоодо сот залында мамлекеттик күнөөлөчү менен соттолуп аткандардын адвокаты ортосунда кайым айтышуу болду. Акыркылары айтышууга өтүүгө даяр эместигин айтып, ага даярданууга кеминде бир жума керектигин айтышты. Бирок мамлекеттик күнөөлөчүлөр ага макул болушпай, судья Тентимишовдон айтышууларды бүгүн баштоону талап кылды.

Тараптардын пикирин уккан соң, судья кийинки сот отурумун 1-ноябрга жылдырды жана тараптардын даяр болушун милдеттендирди.

Эске салсак, мамлекет башчысынын администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, стратегиялык иликтөө эл аралык институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылдын 13-мартында Бишкектин тышында өлтүрүлгөн. Алар жол кырсыгынан каза болгон делип, ага күнөөлүү деп Ош облусунун жумушсуз тургуну Өмүрбек Осмонов табылган. Сот аны 12 жылга эркинен ажыраткан. 2010-жылдын апрелинде ал белгисиз жагдайда кордолуп өлтүрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД