Конституциялык палатанын судьялыгына тандоо мөөнөтүн узартууну талап кылышты

"Коомдук анализ институту" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Рита Карасартова менен Чыңгыз Бексултанов Конституциялык палатага тандоо боюнча конкурстун мөөнөтүн өзгөртүүнү талап кылышты.

"Талапкерлердин мүлкүн жакшылап баалоого 10 күн бөлүнгөн. Бул кыска убакыт, аны узартуу керек",- дейт Карасартова.

Бексултанов биринчи тандоо турунан кийин мамлекеттик каттоодон Макен Турдугуловдун мүлкү боюнча буга чейин декларацияга жазылган маалыматтан өтө айырмаланган маалымат келип түшкөнүн белгиледи.

"Адам мындай жоопкерчиликтүү ишке калптын негизинде келбеш керек. Ал эми сотторду тандоо кеңеши ар бир талапкердин мүлкүнүн абалын жана тазалыгын текшерүүгө жетиштүү убактысы болушу керек", - дейт Карасартова.

Жыйынтыгында активисттер тандоонун сапатын жакшыртуу үчүн сотторду тандоо конкурсун өткөрүүдө биринчи турдун мөөнөтү боюнча жобону узартуу боюнча өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышты.

Эске салсак, КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасына болгон тандоо 16-октябрда аяктаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД