12 кен байлыгы боюнча аукционго катышуудан 3 инвестор баш тартты

12 кен байлыгына лицензия берүү боюнча экинчи аукционго катышуудан үч инвестор баш тартты. 28-августта үзгүлтүккө учураган аукционго жалпысынан 49 кампания табыштама берген. Бул тууралуу КР өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат ресурстар башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Рыскулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 28-августта үзгүлтүккө учураган аукциондон кийин көптөгөн инвесторлор ага катышуудан баш тарткан. Кайсыл объектер боюнча инвесторлор табыштамаларынан баш тарткандыгы аукцион күнү гана белгилүү болот.

Белгилей кетсек, кепилдик төлөмдөр баш тарткан инвесторлорго кайтарылып берилди.

Эске салсак, 28-августта КТРКнын түз эфиринде боло турган аукционду он чакты киши кирип келип үзгүлтүккө учураткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД