Дүйнө чемпиону: Биз чемпионатка мамлекеттин колдоосу жок эле барып келдик

Мароккодо ардагерлер арасында өткөн самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатка кыргызстандыктар мамлекеттин колдоосу жок эле барып келди. Бул тууралуу самбо боюнча дүйнө чемпиону Эркинбек Үмөталиев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул дүйнөлүк чемпионатта бир катар кыргызстандыктарга судьялар жакшы калыс болгон жок. "Бизде алтын медалга менден башка да талапкерлер бар болчу. Бирок, ар бир судья жеңишти өз тарабына тартат. Ал эми Александр Ларионов бардыгыбызды карап жетишкен жок", - дейт Үмөталиев.

Эске салсак, жакында Мароккодо самбо боюнча ардагерлер арасында дүйнөлүк чемпионат болуп өткөн. Ал жакта төрт кыргызстандык медаль алышкан. Алтынды Эркинбек Үмөталиев ээлесе, коло медалга 64 жаштагы Абакир Рысов, Кубанычбек Раманкулов жана Алихан Божоевдер татыган. Бул чемпионатка Кыргызстандан 7 спортчу жана судья Александр Ларионов барган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД