ТЭЦ жабдыктарын жана жылуулук тармактарын оңдоого мэрия 817 млн сом бөлөт

Бишкек мэриясы жылуулук берүү сезонуна даярдык көрүү үчүн 817,6 млн сом бөлүүгө ниеттенүүдө. Мындай маалымат Бишкектин 2012-2014-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасында белгиленген.

Программага ылайык, 8 казан мешке жана жылуулук электр станциянын турбоагрегаттарынын капиталдык жана кезектеги оңдоо иштерине 650 млн сом каралса, "Бишкектеплоэнерго" ишканасынын жабдыктарын оңдоого 14,5 млн, "Бишкекжылуулуктармагынын" ички куурларын оңдоого 52,3 млн жана "Бишкекжылуулуктармагынын" жеке жылуулук пунктарын оңдоого 100,8 млн сом каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД