Алмазбек Атамбаев салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиевди кабыл алды

Президенти Алмазбек Атамбаев Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысына Мамлекеттик салык кызматынын иши жана жакынкы убакытка иш пландар тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуу учурунда Алмазбек Атамбаев бюджетти аткаруу максатында салык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанисин баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД