Кыргызстандын жаш дзюдочулары Орусияда өткөн турнирде 4 медаль жеңип алышты

Орусиянын Иркутск шаарында 1994-2000-жылы туулган улан-кыздар арасында өткөн турнирде Кыргызстандык жаш спортчулар 4 медаль утуп алышты.

Кыргызстандын дзюдо федерациясынын аткаруучу директору Эркин Кадыракунов Кыргызстандын командасы эки алтын, бир күмүш жана бир коло медаль жеңип алганын "ВБ"га билдирди.

Алтынды өз салмак жана жаш категориясы боюнча Тимур Шин жана Арген Бактыбек уулу жеңип алса, күмүштү Алибек Чороев алган. Ал эми коло медалга Бакытжан Жуманазаров татыган.

Бул турнирге Кыргызстандан 9 дзюдочу катышкан. Команданы машыктыруучулар Азамат Жасыбаев жана Анвар Жураев жетектеп барган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД