Адис: Бишкек шаардык кеңеш шайлоосундагы 7 пайыздык чекти 5 партия гана өтөт

Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодогу 7 пайыздык чекти төрт же беш гана партия өтөт. Бул тууралуу "Полис Азия" борборунун адиси Павел Дятленко "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, КСДП менен "Республика" алдыга чыгат. Ал "Республика" партиясы үгүт иштери башталганга чейин эле үгүт иштерин жүргүзүп атканын белгилеп, мындай иштер алардын билдирүүлөрүнөн жана рекламаларынан көрүнүп атканын айтат.

Ал ошондой эле, парламенттеги башка партиялардын чектен өтүү шансы парламентте болбогон партиялардан көп экенин кошумчалады.

Дятленконун айтымында, парламентте болбогон партиялардын ичинен "Бүтүн Кыргызстан" менен "Замандаш" алдыга чыгышы мүмкүн.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 25-ноябрда болот. Бул күнү 25 шаарда жана 416 айылдык кеңеште шайлоо болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД