Адвокат: Дербишеванын иши боюнча тергөө күнөөлөчү нукта жүрүүдө

Социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Гүлнара Дербишева боюнча тергөө иши күнөөлөчү нукта жүрүүдө. Бул тууралуу адвокат Искендер Журабаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, учурда тергөө иштери аяктоо алдында турат. "Тергөөчү күнөөлөгө мүмкүн болгон күбөлөрдү суракка алып, бирок Дербишеваны актагандарды суракка алган жок", - дейт ал. "Тергөөчү балким убакыттын тардыгынан бардык күбөлөрдү суракка алууга жетишпеши мүмкүн. Балким ал колундагы материалдар жетиштүү деп аларды маанилүү деп эсептебеген чыгаар", - дейт Журабаев.

Ал ошондой эле, ушул жуманын аягына чейин прокуратура ишти кароо үчүн сотко жиберет же тергөө учурундагы кээ бир иштерди толуктоо үчүн кайра жибере турганын кошумчалады.

Эске салсак, сот Дербишеваны үй камагына чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД