Маевкада Ала-Арча суусуна машина кулап түштү

Маевкада Ала-Арча дарыясына машина кулап түштү. Бул тууралуу "ВБ"га окуяга күбөлөр билдиришти.

Жол кырсыгы тууралуу маалымат милицияга бүгүн эртең менен эрте келип түшкөн. Кырсык болгон жерге Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери барышкан.

Коомдук тартипти сактоочулардын айтымында, кара түстөгү машинанын ээси ылдамдыкты нормадан ашырган. Башкаруудан чыккан машина көпүрөөнүнү тосмосун сүзүп өтүп, дарыяга чалкасынан кулаган.

Бактыга жараша адам өлүмү катталган эмес. Машинанын коопсуздук жаздыкчалары иштеген. Айдоочу өз алдынча эле машинадан чыгып, жардамды күтпөй окуя болгон жерден жашырынып кеткен.

Укук коргоо органынын кызматкерлери айдоочу мас абалында болушу мүмкүндүгүн жашырбайт. Учурда дарыяга кулаган машинаны чыгаруу аракеттери жүрүүдө.

Мамлекеттик номер аркылуу анын ээси аныкталып, ошондой эле машинанын айдап качууга тийиштиги да текшерилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД