Мектептер арасындагы достукту чыңдоо максатында футболдук мелдеш өттү

Жаштарды сергек жашоого үндөө, мектептеги рэкетчиликти жоюу жана мектептер ортосундагы өз ара мамилени арттыруу максатында футболдук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу мелдешти уюштурган "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондунан билдиришти.

Мелдешке 24 мектеп-гимназиядан 32 команда катышкан.

Мелдештин финалдык оюндары 25-октябрда борбор калаадагы "Футболистан" аянтчасында өттү. Финалга 4 команда чыккан. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду №66 мектептин окуучуларынан түзүлгөн команда алса, 2-орунду №5 мектептин командасы багындырды. Ал эми 3-орунду №5 мектептин командасы алып, 4-орунга №39 мектептин окуучулары жетишти.

"Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондунун мүдүрү Абдиталип Түлекеев мындай турнирлер дагы да уюштуруларын жана аны чоң масштабда өткөргөнгө аракеттер көрүлөрүн белгиледи. "Футболго катышкан уландарыбыз жаман жолдон алыс болуп, мектептер арасында достукту чыңдап, кыргыз элибиздин керегине жараган мыкты жигиттерден болоруна ишенем", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД