Бишкек мэри жылуулук берүү сезонун 1-ноябрдан баштоону буйруду

Жылуулук берүү 2012-2013 сезону 1-ноябрдан башталат. Бул тууралуу мэриянын басмасөз кызматынан "ВБ"га билдирди.

Ага ылайык, мындай токтомго шаар мэри Иса Өмүркулов 29-ноябрда кол койду.

Басмасөз кызматынан белгилегендей, жылуулук берүү биринчи кезекте мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак үйлөргө жана карызы жок мекеме-ишканаларга берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД