Жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кеткен

Ысык-Ата районунан ташталган ымыркай табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.

Ысык-Ата районундагы үйдүн короосуна төрөлгөнүнө 3-5 күн болгон ымыркайды таштап кетишкен. Баланы доктурлар текшерип, анын денесинен билине турчу эч кандай жараат табышкан жок. Ташталган бала балдар үйүнө берилди. Анын ден соолугу жакшы экенин доктурлар белгилешти.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД