Бексултан Турдубаев Казакстандагы эл аралык турнирде алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык мушкер Бексултан Турдубаев Талдыкурганда (Казакстан) өткөн жаштардын эларалык турниринде алтын медалды утуп алды. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Турдубаев 64 кг салмак категориясы боюнча ат салышты. Ал финалдык беттеште Казакстандык мушкер менен беттешип, аны утуп биринчиликти алды.

Бекболотовдун белгилешинче бул турнирге Казакстан, Израил, Азербайжан, Орусия жана Өзбекстандан 150дөй спортчу катышкан. Кыргызстандан 9 мушкер катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД