Дамира Ниязалиева: Медицина адистиги үчүн квотанын тизмесин кайрадан кароо керек

"Бүгүнкү күндүн чындыгы ушунда, медицина адистиги боюнча билим алгандар үчүн бөлүнгөн квота тизмесин кайтадан карап чыгуу керек", - деп медицина кызматкерлеринин статусу жөнүндөгү талкууда депутат Дамира Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында, жогорку окуу жайлар жашаш үчүн контрактык негизде чет элдик студенттерди кабыл алууда. Депутат алыскы аймактан келген жана жетим балдар үчүн квотаны ойлонуштуруу керектигин айтат.

Ниязалиева Кыргыз-орус славян университетинин медицина факультетинин деканы Анэс Зарифьяндан бюджеттик орундар каралганбы деп сурады. "Орусия 40тан ашуун орунду медицина адистиги боюнча берди. Ошондой эле быйыл жалпы республикалык тестирлөө бюджеттик орундарды бөлдү", - дейт Зарифьян.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД