Комитет Орусиянын $489 млн карызды кечүү тууралуу ратификацияны жактырды

Кыргызстан менен Орусия ортосундагы келишимге ылайык, Кыргызстандын $489 млн карызын Орусия 2016-жылга чейин кечет. Бул тууралуу эларалык иштер боюнча парламенттик комитеттин жыйынында финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди.

Министрдин орун басары белгилегендей, мурдагы келишимден айырмаланып Кыргызстан карызды кайтарууда "Дастан" заводунун 48 пайыз акциясын бербейт.

Ал ошондой эле, 2009-жылы алынган 300 млн доллар кредиттин 100 млн доллары "Камбар-Ата - 2" ГЭСин курууга бөлүнгөнүн, ал эми 187 млн долларды өкмөттүн резерв фондуна берилгенин белгиледи.

Байгончоков мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алып берүүнү суранды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД