Жараксыз авиабилет саткан алдамчы аял Бишкекте кармалды

Жараксыз авиабилеттерди саткан алдамчы аял борбор калаадан кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Жаш гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги авиакассадан Айнагүл аттуу аял 27.10.2012 датадагы Бишкек-Москва багыты боюнча билетти 14 500 сомго саткан. "Манас" аэропортундагы каттоо учурунда ал билет жараксыз болуп чыккан.

Ушундай эле окшош абалга кез болгон эки адам арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган. Алар да аталган жерден авиабилет сатып алышкан. Алардын бардыгы тең учакка отуруу учурунда гана билеттер жасалма экендигин билишкен.

Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-иликтөө иш аракеттеринин улам 31 жаштага Айнагүл аттуу аял колго түшкөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД