Кубанычбек Кулматов: Бажы салыгы бир жылда 4 млрд сомго өстү

"Бажы салыгын жыйноо боюнча план 99,4 пайызга аткарылды", - деп бюджет жана финансы комитинин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, планга оңдоолор киргизилгенден кийин да 2012-жылдын 9 айында 21 млрд 140 млн сом жыйноо пландалган. "21 млрд 3 млн сом чогулду, бул бардык болжолдоолордун 99,4 пайызын түзөт. Эгер 2011-жылдын 9 айы менен салыштырганда 4 млрд сомго көп. Демек, өсүү темпи 129,8 пайызды түзгөн", - дейт ал.

Ал ошондой эле кошумча нарк салыгынан бошотулган импорт боюнча кооптонуу бар экенин белгиледи. Эларалык келишимдердин алкагында импорт товарларга киргизилген жеңилдиктен улам 5 млрд 663 млн сом түшпөй каларын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД