Оюн жайларынын кайра ачылары жөнүндө аңыз кептер жокко чыгарылды

"2013-жылдын 1-январынан тарта чет элдиктер үчүн оюн жайлары иштеп баштайт деген маалымат бар", - деп бюджет жана финансы комитетинин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков билдирди.

Ал Мамлекеттин башкы финансылык көзөмөл жетекчиси Юруслан Тойчубековдон бул маалымат канчалык деңгээлде чын экенине кызыкты.

Тойчубеков мындай демилгени депутаттар өздөрү бир канча ай мурун көтөргөнүн белгиледи. "Биздин да ушундай маалыматыбыз бар болчу, бирок ал тастыкталган жок. Чет элдиктер үчүн Кыргызстанда оюн жайларын ачуу боюнча эч бир кагаз жок", - деди Тойчубеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД