Депутат: Транспорт министрлигинин кызматкерлери үч айдан бери айлык ала элек

"Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери аларга үч айдан бери айлык төлөнө электигин айтып арызданышууда", - деп бюджет жана финансы комитетинин жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Замир Бекбоев билдирди.

Ал министрликтин кызматкерлери ага жеке түрдө арызданганын айтты.

Финансы министри Ольга Лаврова айлык үчүн төлөнчү каражат керектүү көлөмдө экенин айтып, бирок жыл аягына чейин жетпей калып атканын белгиледи. "Андыктан биз транспорт министрлигине кошумча 30 млн сом бөлөбүз", - деди Лаврова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД