Саясат таануучу шайлоодо ута алчу төрт партияны белгиледи

Саясат таануучу Марс Сариев Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодо жеңишке жете алчу төрт партияны белгиледи.

"КСДП, "Республика" шайлоодо сөзсүз алдыга чыгат. "Замандаш-Современник" жана "Бүтүн Кыргызстан" партияларынын да позициясы жаман эмес", - деп 29-октябрда "ВБ"га билдирди.

Ал эми калган парламенттик партиялар 7 пайыздык чектен өтөөрүнө Сариев күмөн санайт.

"Ата-Журт" позициясын жоготту, анын лидери камакта. "Ата Мекен" акыркы убактарда ар кандай чырларга аралашып, аброю анча эмес. "Ар-Намыс" болсо Мамлекеттик каттоо кызматынын айланасындагы чуудан улам ал да аброюн жоготууда. Жана Феликс Куловдун аялы да партиянын атынан катышып атышы өз таасирин тийгизет. Мен муну анчалык жакшы кадам эмес деп эсептейм", - дейт Сариев.

Сариевдин баамында, "Ата-Журтка" добуш берүүнү каалагандар эми Адахан Мадумаров жетектеген "Бүтүн Кыргызстанга" добуш берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД