Жайыл районунда жеңил машина КамАЗды барып сүздү

Жайыл районунда катталган жол кырсыгында жеңил машина КамАЗ менен сүзүштү. Бул тууралуу Чүй ИИББнин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Хонда Степвагон" үлгүсүндөгү машина жол жээгинде токтоп турган карагай ташып бараткан жүк ташуучу машинаны барып сүзгөн. Жеңил унаанын айдоочусу 52 жаштага Талас облусунун тургуну экени аныкталган.

Жол кырсыгынан "Хонда" машинасындагы үч жүргүнчү жана айдоочу ар түрдүү жаракат алган жана аймактык ооруканага жеткирилди. Ал эми 29 жаштагы жүргүнчү ошол жерден каза болгон.

Бул кырсык боюнча иликтөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД