Франциялык музыканттар Кыргызстандын студенттерине мастер-класс өтүштү

Кечээ, 29-октябрда, Кыргыз улуттук консерваториясында Франциянын Ars Antiqua de Paris эски музыка ансамбли келечектеги музыканттар үчүн мастер-класс өтүштү.

Ансамблдин курамы 3 кишиден турат: Жосеф Саж – жеке ырдоо, Тьерри Менье – гитара, Робэн Троман – флейта. Алар XIII-XVII кылымдагы европалык музыкаларды аткаруулары менен белгилүү.

Эки саат бою консерваториянын студенттери Франциялык коноктор менен баарлашты. Алар Кыргызстанга бир катар сейрек учуроочу аспаптарды алып келишкен. Мисалы, Робэн Троман Кыргызстанга эски 13 аспапты ала келген. Гитарист Тьерри Менье XVI кылымда трубадурлар ойногон аспапты алып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД